Опубликовано
13.09.2023, 03:20Оштогу 45 билим берүү мекемесинде өрт коопсуздугу сакталган эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мекеме Ош шаары менен Ош облусундагы билим берүү жайларынын өрт коопсуздугун текшерип жатат. Бүгүнкү күнгө карата 45 жайда өрттүн болтурбоо, алдын алуу жана өрт өчүрүү чаралары, эрежелер сакталбаганы аныкталды.
Маселени жөнгө салуу үчүн мөөнөт берилди.