Оштогу бизнес-форумда 920 млн долларлык меморандумга кол коюлду

19.09.2023, 12:15 Акчабар
Оштогу бизнес-форумда 920 млн долларлык меморандумга кол коюлду

Ош облусун өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча бизнес-форумдун алкагында 920 миллион долларлык меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ири өнөр жай комплексин куруу боюнча меморандумга президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев менен Синьцзян эл аралык “Кытай бүркүтү” соода компаниясынын директору Чжан Вэньчжуан жана "Чонгцин Сокон Мотор Групп" ЖЧКсынын өкүлү Хэ Цзян менен кол коюшту. Долбоор жумуш орундарын түзүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана аймактагы экономикалык өсүштү стимулдаштырат.

Форумга Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана ошондой эле Орусия, Беларусь, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кытай, Иран, Оман жана Германиянын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдүн, эл аралык коммерциялык эмес уюмдардын жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.

"Бул олуттуу макулдашуулар Ош облусу үчүн экономикалык өсүш гана эмес, эки өлкөнүн инвестиция жана соода тармагында жакындашуусун билдирет. Ошондой эле эл аралык кызматташтыкты жана экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу үчүн бизнес-форумдардын маанилүүлүгүн белгилейт", - деп айтылат маалыматта.

Тэги: форум инвестиция меморандум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть