Оштогу оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү 18 млн 348 миң сомго оңдолду

16.07.2021, 15:00 Акчабар
Оштогу оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү 18 млн 348 миң сомго оңдолду

Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү капиталдык оңдөп түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралу Министрлер кабинетинин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

90 орунга ылайыкташкан бөлүмдүн ачылуу аземине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана дарыгерлер катышты. Маалыматка ылайык, жугуштуу оорулар бөлүмү 45 жылдан бери толук оңдоодон өткөн эмес. Эскилиги жеткен имаратта оор абалдагы бейтаптарды кабыл алуу да мүмкүн болбой калган.

Оңдоо иштери 2020-жылдын 27-декабрында башталган. Капиталдык ремонтко Дүйнөлүк банктын долбоору аркылуу 18 миллион 348 миң сом каражат бөлүнгөн. Учурда оорукана COVID-19 илдетинин оор түрүнө чалдыккандарды кабыл алууга ылайыкташтырылды.

Оштогу жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты 1976-жылы курулган.

Тэги: жугуштуу оорулар дарыгер капиталдык ремонт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть