Оштун жолдоруна 600дөн ашык жол белгилери жетишпейт

10.09.2021, 13:35 Акчабар
Оштун жолдоруна 600дөн ашык жол белгилери жетишпейт

Ошто 634 жол белгилери жетишсиз. Бул тууралуу “Акчабарга” Ош шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык жолдор башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууда 634 жол белги керектелет. Ага жалпы 2,5 миллион сом жумшалат. Учурда кошумча жол белгилери үчүн тендер жарыяланганы белгилү болду.

2020-жылдын башында 35 кесилишке 10 миллион сомго жол белгилери орнотулуп, төрт комплект жол чырак коюлган.

Эске салсак, Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоору быйылкы жылы ишке кирээри күтүлүүдө.

Ал үчүн шаардагы 35 көчөнүн кесилишине 600 видеокөзөмөл орнотулган.

Тэги: коопсуз шаар долбоор жол белги каражат видеобайкоо Ош

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть