1-апрелден тарта «Өтүкчү» жана «Кайтпас» бекеттери ачылат

26.03.2021, 17:05 Акчабар
1-апрелден тарта «Өтүкчү» жана «Кайтпас» бекеттери ачылат

2021-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызсандын түштүгүндөгү «Өтүкчү» жана «Кайтпас» бекеттери ачылат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-өзбек тарап 2021-жылдын 1-апрелинен тарта «Кайтпас» (Кыргызстан) жана «Риштан» (Өзбекстан), «Өтүкчү» (Кыргызстан) жана «Туль» (Өзбекстан) өткөрүү бекеттерин ачууну макулдашышты.

«Бекеттерден жарандар, жеңил унаалар жана 20га жакын адам ташыган автобустар өтө алат. Жүк ташуучу унааларга уруксат жок», - дейт ал.

Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек ара маселеси 100% чечилип, талаштуу жер калган жоктугунбилдирди.

Тэги: бекет өтүкчү Кайтпас

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть