Өзбекстан Кыргызстанга 750 млн кВт/саат электр энергия жеткирет

26.03.2021, 09:45 Акчабар
Өзбекстан Кыргызстанга 750 млн кВт/саат электр энергия жеткирет

Кыргызстан жана Өзбекстан электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча макулдашышты, - деп билдирет КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы.

«Токтогул суу сактагычына сууну топтоо жана 2021-2023-жылдар аралыгында Өзбекстандын айыл чарбасын сугат суу менен камсыздоо максатында 1 кВт/саат үчүн шарттуу баада 750 млн кВт/саатка чейин көлөмдө электр энергиясын өз ара жеткирүү жөнүндө макулдашууга жетишилди»,-деп айтылат маалыматты.

Ошентип, Өзбекстандан Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү 2021-жылы марттан октябрга чейин жана 2022-жылы март-апрель айларында ишке ашырылат, андан кийин 2021-2023-жылдардын июнь айынан августуна чейинки мезгилде Өзбекстанга электр энергиясынын ушул көлөмү кайтарылып берилет.

Тэги: Кыргызстан Өзбекстан Электр энергия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть
<
×