akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Кабар

    Опубликовано

    04.05.2020, 04:00

    Өзбекстандагы Сардаба суу сактагычында дамба жырылгандан кийин Казакстандын Түркстан облусундагы он айылды суу каптап, 22 миңден ашык жергиликтүү тургун коопсуз жерге эвакуацияланды.

    [news 23819]

    Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттердеги» баракчасына жабыркаган тургундарга жардам берилип, өзбек өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жазды.

    2-майга караган түнү Түркстан облусундагы бир нече айылды суу каптагандан кийин аймактагы Мактаарал районунда техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланган.

    Жекшемби күнү облустук акимчилик аталган райондо 620 турак үйдү жана 3,5 миң гектардан ашык айдоо жерди суу каптап, жалпысынан 404 миллион теңге (950 миң доллардан ашык) материалдык чыгым келтирилгенин билдирди.


    Читать похожее

    • 03.05.2020, 22:00:48