Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

24.04.2020, 07:30

Өзбекстан коронавирус менен каршы күрөшүү үчүн 1.6 млрд доллар өлчөмүндө карыз алуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бул тууралуу pordrobno.uz порталы өкмөт башчы Жамшид Кучкаровдун берген маалыматына таянуу менен билдирди.

[news 23501]

«Эл аралык валюталар фонду менен 375 млн $, Дүйнөлүк банктан - 750 млн доллар, Азия өнүктүрүү банкынан - 500 млн доллар карыз алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү», – деп айтты ал.

Анын айтымында, Өзбекстанда жакырчылыкты кыскартуу боюнча иш-аракеттер бир дагы мүнөт токтоп калган жок.

«Эл аралык уюмдар менен биргелешип иш алып баруу бүгүнкү күнгө чейин жүргүзүлүүдө. Мисалы, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү аныктоо тууралуу иштер жүрүп жатат. Андан сырткары, биз экономикалык мүмкүнчүлүктөргө карап, аларга кандай жардам берүү керектиги тууралуу ойлонуп жатабыз», – деп кошумчалады өкмөт башчы.


Читать похожее

  • 25.06.2024, 23:32:24
  • 12.02.2024, 00:15:43
  • 01.02.2024, 04:40:44
  • 29.01.2024, 21:35:31