Опубликовано
24.04.2020, 07:30Өзбекстан коронавирус менен каршы күрөшүү үчүн 1.6 млрд доллар өлчөмүндө карыз алуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бул тууралуу pordrobno.uz порталы өкмөт башчы Жамшид Кучкаровдун берген маалыматына таянуу менен билдирди.
[news 23501]
«Эл аралык валюталар фонду менен 375 млн $, Дүйнөлүк банктан - 750 млн доллар, Азия өнүктүрүү банкынан - 500 млн доллар карыз алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү», – деп айтты ал.
Анын айтымында, Өзбекстанда жакырчылыкты кыскартуу боюнча иш-аракеттер бир дагы мүнөт токтоп калган жок.
«Эл аралык уюмдар менен биргелешип иш алып баруу бүгүнкү күнгө чейин жүргүзүлүүдө. Мисалы, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү аныктоо тууралуу иштер жүрүп жатат. Андан сырткары, биз экономикалык мүмкүнчүлүктөргө карап, аларга кандай жардам берүү керектиги тууралуу ойлонуп жатабыз», – деп кошумчалады өкмөт башчы.