Опубликовано
06.11.2020, 03:25Өзбек тарап Кыргызстандагы инвестициянын көлөмүн жогорулатууга кызыкдар экендигин билдирди. Бул тууралуу 5-ноябрда өткөн Руслан Казакбаевдин Өзбекстандын тышкы экономикалык байланыш жана инвестиция боюнча премьер-министрдин орун басары Сардор Умурзаков менен болгон жолугушуусунда маалым болду.
[news 29735]
Белгиленгендей, өзбек тарап машина куруу, туризм, медицина, билим берүү жана башка тармактарга кызыгуусун билдирген.
Мындан тышкары, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын жана чек ара аймактарынын башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумдарынын маселелери талкууланды.