Өзбекстан Тажикстанда ГЭС курууну пландоодо

29.01.2020, 17:50 Акчабар
Өзбекстан Тажикстанда ГЭС курууну пландоодо

28-январда Ташкентте эки өлкөнүн жумушчу топтору Тажикстандагы Зарафшан дарыясынын жээгине бирдиктүү ГЭС куруу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, долбоордун алкагында алгач 140 МВт кубаттуулуктагы Яван ГЭСин куруу пландалууда. Анын наркы 282 миллион долларды түзөт. Андан кийинки айлампада Фандарья дарыясынын жээгинде 135 МВт кубаттуулуктагы, наркы 270 миллион доллар турган ГЭС куруу ыктымалдуулугу каралууда.

Гидроэлектрстанциялар саатына 1,4 миллиард кВт электр энергиясын өндүрүүгө кудуреттүү болот жана электр кубатын Өзбекстан керектейт.

Тажикстандын аймагында эки ГЭС куруу маселесин өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен тажик президенти Эмомали Рахмон 2018-жылы августта талкуулашкан.

Учурда Өзбекстанга Кыргызстан менен Тажикстан электр энергиясын экспорттойт. Расмий маалыматтарга караганда, 2017-жылы өлкөдө электр кубатын керектөө 60 миллиард кВт/саатты түзгөн. 2030-жылы бул көрсөткүч 105 миллиард кВт/саатка көбөйүшү ыктымал деген божомолдор бар.

Тэги: Өзбекстан Тажикстан ГЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть