Өзбекстандан келген гумжардам аймактарга жеткирилүүдө

05.08.2020, 13:00 Акчабар
Өзбекстандан келген гумжардам аймактарга жеткирилүүдө

Гуманитардык жүктөр өлкөнүн аймактарына жиберилүүдө. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандан келген ун түрүндөгү гуманитардык жардамды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабына аймактарга жеткирилүүдө.

Аталган гумжардам Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына жана Ош шаарына жеткирилет. 2020-жылдын 4-августуна карата Жалал-Абад, Баткен облустарына жалпы 1 миң тонна ундун ичинен 420 тонна өлчөмүндө жүк жиберилген.

Эске салсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине гуманитардык жардамды түшүрүү, сактоо жана белгиленген жерге жеткирүү милдети жүктөлгөн. Гуманитардык жүктү бөлүштүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылат.

Тэги: гумжардам Кыргызстан пандемия Өзбекстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть