Пайдалуу онлайн сатып алуулар: MegaCom жеке MegaShop маркетплейсин ишке киргизет

18.01.2021, 17:30 Акчабар
Пайдалуу онлайн сатып алуулар: MegaCom жеке MegaShop маркетплейсин ишке киргизет

MegaCom компаниясы керектөөчүлөргө каалаган товарын жагымдуу баалар менен сунуштоочу жеке MegaShop (www.ms.kg) соода интернет-платформасын (маркетплейс) ишке киргизип жаткандыгын кубануу менен кабарлайт.

MegaShop аркылуу жүргүзүлгөн сатуу жана сатып алуу процесси түшүнүктүү жана жөнөкөй, келишимдерди реалдуу убакыттарда жүргүзсө болот. Ошондой эле бонустардын, кешбэктердин, белектердин жана акциялардын натыйжалуу системалары да бар.

MegaShop маркетплейси бизнес субъектилерине Интернет аркылуу коммерция жүргүзүүнү шарттап, ыңгайлуу ыкмаларды жана товарлар үчүн пайдалуу бааларды сунуштайт:

  • жеке интернет-дүкөнүн түзүү;
  • товар жана кызматтарды сатуу;
  • жарнама, аналитика, маркетинг;
  • товарга болгон талапты жогорулатуу;
  • онлайн төлөмдөрдүн корголуш функциясы.

Эми жеке ишкерлер сайт түзүүгө, соода орундарын ижарага алууга жана менеджерлерди жалдоого сарпталуучу чыгымдары тууралуу ойлонбой деле койсо болот. Болгону маркетплейстин сайтына билдирме калтырып, онлайн-дүкөн түзүү гана жетиштүү. MegaShop платформасы аркылуу бир да сом коротпостон, азыр эле жеке бизнесиңизди жүргүзүңүз!

Суроо туулдубу? MegaCom’дун абоненттери 5005 номери аркылуу, ал эми башка уюлдук операторлордун абоненттери 0559 005 005 номери аркылуу байланышыңыздар.

MegaShop – биз менен дайым пайдалуу!

Тэги: MegaCom

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть