Пандемия менен күрөшүү үчүн Япония Кыргызстанга 1.2 млн $ бөлөт

23.10.2020, 16:10 Акчабар
Пандемия менен күрөшүү үчүн Япония Кыргызстанга 1.2 млн $ бөлөт

Япония ПРООНдун демилгесин колдоп, саламаттыкты сактоо тутумун чыңдоо, социалдык жана экономикалык туруксуздуктун алдын алуу жана жумушка орноштуруу долбооруна 1,2 миллион доллар бөлүүнү чечти. Бул тууралуу ПРООНдун басма сөз кызматы билдирди.

«Коронавирус илдети Кыргызстанда кайрадан күчөп жатат, андыктан кышында вируска туруштук берүү үчүн даярдыктарды көрүү керек. Акыркы сегиз айда кыргыз коомуна жана экономикасына келтирилген эбегейсиз зыяндын ордун толтуруу жана калыбына келтирүүнү келечектеги өнүгүү менен байланыштыруу маанилүү», - деп билдирди Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шигеки Маэда.

Элчи Япония коронавирус кризисинен чыгуу үчүн эл аралык уюмдар менен кызматташууну уланта берээрин белгиледи.

«Биз саламаттыкты сактоо тутумун чыңдоо, ошондой эле Кыргызстандагы коронавируска байланыштуу социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзөбүз. Биздин максатыбыз - келечекте COVID-19 пандемиясы сыяктуу жана башка кризистерге каршы жардам берүү», - деди ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен.

Тэги: пандемия Япония

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть