Пандемия ЕЭК бирлигинин өлкөлөрүнүн экономикасына кандай таасир этти?

13.08.2020, 10:34 Акчабар
Пандемия ЕЭК бирлигинин өлкөлөрүнүн экономикасына кандай таасир этти?

Евразия экономикалык комиссиясынын 2020-жылдын 10-августундагы аналитикалык баяндамасында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн 6 айдагы экономикалык көрсөткүчтөрү келтирилген.

ЕЭКтин маалыматы боюнча, ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттерде ушул жылдын январь-июнь айларында айыл чарба өндүрүшүнүн өсүшү байкалган.

Казакстанда өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 3,1%, Арменияда - 1,5% жана Кыргызстанда - 0,1% түздү.

Ошол эле учурда, Казакстанда бүткөн курулуш иштеринин көлөмүнүн өсүшү 11,2%, Беларуссияда - 3,4% түзгөн.

Белоруссияда товар жүгүртүүнүн жана чекене сооданын (2,6% га), жүк жүгүртүүнүн Арменияда (2% га) көбөйүшү байкалган.

COVID 19 пандемиясынан келип чыккан процесстер ЕАЭБ экономикасына терс таасирин тийгизди деп айтылат аналитикалык баяндамада.

Ошентип, ушул жылдын январь-июнь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн индекси өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 97%ды түздү (2019-жылдын январь-июнь айларында 2018-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 102,2%), жүк жүгүртүүсү 94,2%ды түздү ( Тиешелүүлүгүнө жараша 101,6%), жүргүнчү ташуу - 62,3% (тиешелүүлүгүнө жараша 101,1%), турак-жайларды пайдаланууга берүү - 91,8% (тиешелүүлүгүнө жараша 103,0%).

Эң көп төмөндөө жүргүнчүлөрдү жүгүртүүдө байкалган - 55,1% (тиешелүүлүгүнө жараша 106,6%).

Өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу быйыл тышкы сооданын көлөмү төмөндөгөн - индекс 83,8% (2019-жылдын январь-майында - 99,4%), өз ара соода - индекс 84,8% жана 96, 4%, тиешелүүлүгүнө жараша болгон.

Тэги: Экономикалык абал ЕЭК пандемия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть