Опубликовано
05.10.2023, 11:30Жогорку Кеңеш Билим берүү жана илим министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеваны дайындоого макулдук берди.
Анын талапкерлигин каттоодон өткөн 75 депутаттын баары бир добуштан колдоду.
Эске салсак, Кендирбаева президент Садыр Жапаровдун 28-сентябрдагы жарлыгы менен министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.