Парламентте республикалык бюджеттеги 43 млр сомдук дал кестик боюнча маселе каралды

20.04.2022, 15:08 Акчабар
Парламентте республикалык бюджеттеги 43 млр сомдук дал кестик боюнча маселе каралды

Эсеп палатасы тарабынан 2020-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча көптөгөн жетишпестиктер аныкталган. Бул тууралуу бүгүн 20-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Эсеп палатасынын аудитору Алимжан Байгазаков билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдагы текшерүүлөрдө көптөгөн жетишпестиктер аныкталып, анын жалпы көлөмү 43 млрд сомду түзгөн. Бул каражаттын 19,7 млрд сому пайдаланышы бекитилген бюджет менен дал келбестиктен, аны менен катары 17 млрддан ашыгы кредиттик карызды төлөөгө деп ашык жазылганынан жана “Кумтөрдөн” түшкөн акчаны аймактарды өнүктүрүү жана башка фонддорго которууда кетирилген катачылыктан улам пайда болгон.

“Текшерүү башталганда эле мыйзамдын өзү туура эмес экендигин жүйө келтирип, 19,7 млрд сомун текшерүүдөн баш тартканбыз. Анткени биз мыйзамдын аткарылышын текшеребиз. Калган мыйзам бузуунун ичинен 4 млрд 900 млн сому гана калыбына келтириле элек”, – деди Байгазаков.

Белгилей кетсек, бүгүн 20-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “2020-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып, анын жыйынтыгында депутаттардын сунушу менен мыйзам долбоору кайрадан комитеттин кароосуна жөнөтүлдү.

Тэги: республикалык бюджет Эсептөө палатасы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть