Премьер-министр Абылгазиев Центерра Голдтун президенти менен жолукту

02.10.2019, 12:30 Акчабар
Премьер-министр Абылгазиев Центерра Голдтун президенти менен жолукту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөр кенине барган учурда «Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти Скотт Перри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алтын ишканасынын ишмердүүлүнө байланышкан актуалдуу маселелер жана Кыргыз Республикасы менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын Стратегиялык макулдашуусунун күчүнө киргенине байланыштуу кызматташуунун келечеги талкууланды.

Өкмөт башчы кенге барган сапарынын жыйынтыгында массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

«Кумтөр кенинин эксплуатациялык мөөнөтүн узартуу маселеси «Центерранын» президенти Скотт Перри менен жолугушууда негизги маселелерден болуп талкууланды. Бул салыктык төлөмдөргө, жумушчу орундарды сактоо жана жалпы эле ата мекендик экономикага жакшы таасирин тийгизет. Компаниянын 2020-жылдагы бюджетине геологиялык чалгындоо иштерине 20 миллионго жакын АКШ доллары киргизилди», – деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле Кыргыз Республикасына дивиденттерди төлөө маселеси тууралуу дагы сөз кылды.

Анын айтымында, «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Скотт Перри жакынкы арада Директорлор кеңешинин кароосуна бул маселени киргизүүнү жана аны чечүүнү убада кылды.

Мындан тышкары тараптар эсебинде 40 миллионго жакын АКШ доллары бар рекультивациялык фондко байланыштуумаселени дагы талкуулашты.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул каражатты насыяга берүү үчүн мындан ары колдонуу максатында өлкөдөгү банктарга салуу сунушун киргизди жана каражаттардын кайтырылышына кепилдик берүүгө даяр. Бүгүнкү күндө бизде аймактарды өнүктүрүүгө, чакан жана орто бизнеске, айыл чарбага насыяга берүү үчүн каражат жетишсиз болууда. Ишеним фондундагы каражаттарды биз ушул максаттарга колдонсок. Кендин эксплуатациялык мөөнөтү аяктаганда, биз каражаттардын кайтарылышын макулдашылган график боюнча кайтарып берүүнү камсыз кылып бере алабыз. Биз бул талаптарды башка тоо-кен компанияларына дагы коюп жатабыз», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Өкмөт өлкө үчүн пайдалуу болгон стратегиялык келишимди күчүнө киргизүүгө жетишкенин белгиледи. Ага ылайык, экологиялык төлөмдөрдүн көлөмү көбөйдү, аймактарды өнүктүрүүгө жана жаратылышты сактоого багытталган фонддор түзүлдү.
Кумтөр кенинде өндүрүш процесси жогорку деңгээлде уюштурулганын баса белгилеген Премьер-министр, ишкана тоо-кен тармагындагы башка объекттерге үлгү болушу керектигин айтты.

Кумтөр кениндеги концессиялык аянт тууралуу сөз кылган Мухаммедкалый Абылгазиев, учурда компания 2009-жылдагы келишимдин негизинде берилген кошумча аянтка ээлик кылууда, мындан башка кошумча территория дагы кошулган жок, Сарычат-Эрташ мамлекетик коругунан да жер берилген жок.

Тэги: КР Өкмөтү Центерра Голд 2019 премьер-министр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть