Премьер-министр Абылгазиев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алды

27.05.2020, 10:45 Акчабар
Премьер-министр Абылгазиев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер-министрлеринин катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешмеде Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт дайыма ачык-айкын иштөөгө умтулаарын белгиледи.

«Бирок Жогорку Кеңеште Өкмөттүн жана Премьер-министрдин дарегине радиожыштык ресурстарын узартуу жана аны кайра каттоого тийиштүү кылмыш ишине байланыштуу сын-пикир жана күнөөлүү эместигимди далилдөө чакырыгы айтылды. Мен мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын сактоону жана жыштыктарды ачык аукциондо сатууну, ошондой эле мыйзам талаптарына жооп бербеген ээлердин лицензияларын алууну колдоп келгендигимди баса белгилеп кетким келет. Бул туурасында мен Жогорку Кеңештин жыйынында да айткам. Дагы бир жолу билдирем, териштирилип жаткан ишке менин эч кандай тиешем жок жана бул маселени саясатташтырбоо керек деп эсептейм. Укук коргоо органдары объективдүү жана ар тараптуу тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Бирок тергөөгө кандайдыр бир кысым көрсөтүүлөр боюнча айыптоолордон алыс болуу үчүн, ошондой эле аны калыс жүргүзүү максатында кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алууну зарыл деп эсептейм», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго өргүү учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин координациялоону жана мамлекеттик органдардын туруктуу иштөөсүн камсыздоону тапшырды.

Тэги: премьер-министр Абылгазиев Эмгек өргүү отпуск

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть