Опубликовано
14.02.2020, 07:30Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2019-жылы аткарган иштерин жана 2020-жылдагы милдеттерин талкуулаган кеңейтилген коллегиясына катышат.
[news 21101]
Мындан тышкары Өкмөт башчы Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышмакчы.