Премьер-министр шаардагы базарларга жана гипермаркеттерге барды

16.03.2020, 10:15 Акчабар
Премьер-министр шаардагы базарларга жана гипермаркеттерге барды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шаардагы базарларга барып, азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатуучу соода түйүндөрүнүн иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Мухаммедкалый Абылгазиев сатыктагы товарлардын ассортиментин көрүп, сатуучулар жана кардарлар менен баарлашты.

Ташуучулар менен сатуучулардын маалыматы боюнча, товарларды импорттоо, алардын номенклатурасы жана запасынын көлөмү боюнча өзгөчө маселе деле жок. Бирок, кардарлардын айтымында, мурдагы күндөрү ашыкча мүнөздөгү суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу айрым топтогу товарлардын наркы көтөрүлгөн.

Премьер-министр бүгүнкү күндө өлкөдө азык-түлүк жана башка күнүмдүк керектелүүчү товарлар жетиштүү көлөмдө экенин билдирди.

«Товар жана азык-түлүк ташууга эч ким чектөө киргизген жок, чек арадан жүк алып өтүү адаттагыдай тартипте жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу жарандарды негизсиз дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырам. Бизде коронавирус инфекциясы катталган жок, бирок бул кырдаалдан пайдаланып, кызыкчылыгына жетүүнү каалагандарга азгырылбаш керек. Түзүлгөн абалдан чыгууга жана өз жарандарын зарыл болгон бардык товарлар менен, анын ичинде азык-түлүк менен камсыз кылууга мамлекеттин чамасы жетет, - деген Мухаммедкалый Абылгазиев - Дүкөндөрдүн текчелери бош калбай. Азык-түлүктүн запасы жетиштүү, тынчсызданууга негиз жок. Болгону жагдайдан пайдаланып, товарларды кымбаттатып сатуу менен пайда тапкысы келгендер дүрбөлөң салууда» - деп кошумчалады өкмөт башчы.

Жарандар негизинен түзүлгөн кырдаалды түшүнүү менен кабыл аларын, чек аранын жабылышы боюнча ушактар чыкканына байланыштуу эл дүрбөлөңгө түшкөнүн айтышты. Алар базарлардагы абал бүгүнтөн тарта акырындык менен турукташа баштаганын, соода түйүндөрүндө товар толтурулганын белгилешти.

Премьер-министр мамлекеттик органдар базарлардагы бааларга мониторинг жүргүзүп жатканын, кызыкчылыгын көздөп, чекене наркты негизсиз көтөргөндөргө карата катуу чаралар көрүлөрүн айтты.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык кылмыштарга каршы күрөшү боюнча мамлекеттик кызматына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине соода түйүндөрүндө ишти күчөтүүнү жана мыйзам бузгандарга катуу чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Тэги: премьер-министр гипермаркет базар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть