Премьер-министр  жоопкерчиликтүү болууга жана тартипти сактоого чакырды

04.05.2020, 17:35 Акчабар
Премьер-министр  жоопкерчиликтүү болууга жана тартипти сактоого чакырды

Премьер-министр Мухаммедекалый Абылгазиев мекендештерди жоопкерчиликтүү болууга жана карантин аяктаганча обочолонуу тартибин сактоого чакырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматты камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчынын кайрылуусунун тексти төмөндөгүдөй:

«Учурда Өкмөт өлкөдөгү экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүү үчүн даярдык көрүүгө багыт алды. Жумуш орундарын жана жарандардын кирешесин сактоо максатында биз тараптан экономиканын дээрлик маанилүү жана суроо-талап чоң болгон тармактарынын иштөөсүнө этап-этап менен уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
Коронавирус инфекциянын кырдаалга тийгизген таасирин эске алуу менен бул өлкө үчүн оор, бирок ошол эле учурда өтө маанилүү чечим болду.

Бирок көптөр бул жеңилдиктерди карантиндик режимди токтотуу жана мурдагы жашоо шарттарына кайтуу катары кабыл алышууда. Мен белгилей кетейин, андай эмес! Жумушка уруксат алгандардан башка бардык жарандар карантинди сактоого тийиш. Бүгүн вирус менен күрөштө маанилүү этап келди, ал ар бир жарандан жоопкерчиликти жана тартипти талап кылат. Биз жумшаган бардык күч-аракетибиздин текке кетишине жол бере албайбыз.

Вирустун жайылышынын сакталып турган тобокелдиктери бизден коргонуунун кошумча, биринчи кезекте социалдык аралык эрежелерин сактоого тийиштүү алдын алуу чараларын көрүүнү талап кылат.

Мен бардык кыргызстандыктарга кайрылгым келет: дарыгерлердин гигиена эрежелерин, обочолонуу режимин жана социалдык аралыкты кармануу талаптарын сактоо тууралуу бардык сунуштамалары сакталышы керек! Ошондой эле 2020-жылдын 1-майынан тарта ишмердүүлүгүнө уруксаат берилген мекеме жана уюмдардын жетекчилери бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптардын тыкыр аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик алаарын эскертип кетким келет.

Биз вирустун кеңири жайылып кетишине жол берген жокпуз жана саламаттык сактоо тутумунун мүмкүнчүлүктөрүн чыңдай алдык. Бул нерсеге биринчи кезекте сабырдуулукту жана түшүнүү менен мамиле кылган жарандардын колдоосуна жараша жетише алдык. Бирок жетишилген жыйынтыктарды бекемдөө үчүн биз карантин бүткүчө обочолонуу жана социалдык аралыкты кармануу эрежелеринин талаптарын сактоо менен жоопкерчиликти сезишибиз керек. Жарандардын, жакындарыбыздын жана туугандарыбыздын өмүрүн жана ден-соолугун сактоо – биздин жалпы милдетибиз».

Тэги: премьер-министр жоопкерчилик тартип

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть