Президент: Кыргызстандын сүт продукциясы Кытайда толук кандуу атаандаш боло алат

20.08.2020, 13:50 Акчабар
Президент: Кыргызстандын сүт продукциясы Кытайда толук кандуу атаандаш боло алат

Нарын облусунун Ат-Башы районунда сүттү кайра иштетүүчү ишкана жыл бою иштей турган чоң сүт-товар комплексин курууда. Өндүрүлгөн продукциялар ички рынокто сатылаарын жана Казакстанга экспорттолот. Ишканада 50дон ашуун адам иштейт. Өндүрүш кубаттуулугу сезонунда 55-60 тонна даяр продукцияны түзөт. Заводдун сырлары ар кандай эл аралык көргөзмөлөрдө «жогорку сапат» наамына татыктуу болуп келет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун нарын облусуна болгон иш-сапарында маалым болду.

Белгилүү болгондой, Ат-Башы районунун климаттык шартында завод жыл бою иштей албайт. Күз, кыш айларында чийки сүттүн өндүрүшү кескин азаят. Буга байланыштуу сүт заводунун алдында эл аралык стандарттарга ылайык, коопсуз жана экологиялык жактан таза сүт продукцияларын өндүрүүнү камсыз кылып, чыгарып жаткан продукциялардын көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө боло турган сүт-товар комплексин куруу боюнча долбоор иштелип чыгууда жана ишке ашырылууда.

«Бүгүнкү күндө сүт-товар комплексинин курулушуна Калинин айылынын жанынан 5 гектар жер бөлүнгөн. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 40 млн сом бөлүп берген, ошондой эле Россиядан, Түркиядан жана Германиядан жабдуулар сатылып алынган. Учурда курулуш иштери башталды», — деп жазылат маалыматта.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын экологиялык жактан таза сүт продукциясы ЕАЭБ аймагында эле эмес, башка чет өлкөлөрдө, анын ичинде Кытайда толук кандуу атаандаштыкка жөндөмдүү экенин белгиледи.

«Ар кандай каржы институттар аркылуу жеңилдетилген насыяларды берүү, насыя алуудагы бюрократиялык иш-аракеттерди жоюу, жолдорду оңдоп-түзөө жана башка мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоолор ишкерлердин натыйжалуу өндүрүш куруусуна жардам берет», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Тэги: президент Кыргызстан сүт продукция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть