Опубликовано
08.06.2020, 11:30Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июнда, Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Жылдызбек Исакуловду кабыл алды.
[news 24956]
Жылдызбек Исакулов «Акционердик борбор» мекемесинин түзүлүшү, мүлктөрдү онлайн ижарага берүү боюнча соодалашууну өткөрүү аркылуу республикалык бюджетке түшкөн каражаттарды эселеп көбөйтүүгө жетишилгендигин белгиледи. 2015-жылга салыштырмалуу мүлктөрдү ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер дээрлик үч эсеге көбөйдү. Үстүбүздөгү жылы мамлекеттик ишканалардын таза пайдасы 550 млн сомду түзөөрү күтүлүүдө. Бул башта бекитилген пландан 50 млн сомго ашыкча.
Ал бүгүнкү күндө 33 акционердик коом менен 104 мамлекеттик ишкананын отчетторун электрондук форматка которуу боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады. Алардын бардык каржылык-экономикалык ишмердүүлүктөрү Фонддун сайтында жеткиликтүү болот.
Мындан сырткары, мамлекеттик мүлктөрдү инвентаризациялоо боюнча автоматташтыруу процесси улантылып жатат. Бул этапта мамлекеттик мүлктүн миңден ашуун объектисин инвентаризациялоо пландаштырылууда.
Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү үчүн «Бирдиктүү терезе» принциби киргизилиши керектигин баса белгиледи.
Мамлекеттик компаниялардын жетекчилери заманбап санарип технологияларды киргизүү жана «Түндүк» тутумуна кошулуу менен ишмердүүлүктү оптималдаштыруу жана сапатын көтөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушу керек.