Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

04.02.2021, 09:35

Премьер-министрлик кызматы жоюлат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн телеграмдагы каналына жазды.

[news 29933]

Жапаров бири-бирин кайталаган мамлекеттик ишканалар, кызматтар жокко чыгарыларын жана ал үчүн убакыт талап кылынарын билдирди.

«Алдыда дагы жок дегенде 6 ай убакыт талап кылынат, ага чейин кечээ бекиген жаңы өкмөттүн мүчөлөрү өзүнүн ишин элге иштеп көрсөтөт. Ал арада жаңы даярдалган конституция жана жаңы мыйзамдар кабыл алынышы күтүлүүдө. Премьер-министр кызматы жоюлат, ошону менен кошо бирин бири кайталаган мамлекеттик иш каналар кызматтар жокко чыгарылат», - деп жазган президент.