Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

07.04.2020, 07:30

Президент Сооробай Жээнбеков Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы, Бириккен Араб Эмираттарынын Куралдуу Күчтөрүнүн Жогорку Башкы командачысынын орун басары Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиреи.

[news 22866]

Эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы чаралар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков түзүлгөн кырдаал жана экономикалык кесепеттер биргелешкен аракеттерди талап кылып жатканын белгиледи.

Абу-Дабинин мураскор Ханзаадасы Мухаммед бин Заед Аль Нахайян кыргыз тарапка аталган илдет менен күрөшүүдө колдоо көрсөтө тургандыгын билдирди.

Мындан сырткары, ал эмират тараптын Кыргызстандын экологиялык таза айыл чарба азык-түлүктөрүн импорттоого кызыкдар экенин белгиледи.