Президент: Тоо-кен тармагындагы реформалар экономикалык өсүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтерине ишенем

26.02.2021, 17:30 Акчабар
Президент: Тоо-кен тармагындагы реформалар экономикалык өсүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтерине ишенем

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн бюджетин түзүүчү тармактардын бири — тоо-кен жаатындагы реформалар тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчысы «Российская газетага» берген маегинде белгилегендей, ондогон жылдар бою өлкөнүн тоо-кен тармагындагы кырдаалды жакшыртуу боюнча ар кандай аракеттер көрүлүп келген, бирок ырааттуу, максаттуу мамлекеттик саясаттын жоктугунан улам бул тармак өнүгүп кете алган эмес.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда тоо-кен тармагын реформалоо күн тартибинде турган, мамлекеттик саясаттын потенциалдуу артыкчылык берилген багыттарынын бири болуп калды. Ал үчүн өлкө калкынын колдоосу менен ата мекендик тоо-кен өнөр жайынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, алдыңкы тажрыйбаларды эске алуу менен ачык-айкын укуктук жөнгө салуу системасын түзүү, өлкөнүн минералдык жана чийки зат потенциалын ачуу, жагымдуу инвестициялык климатты жаратуу жана башкалар боюнча бир катар чечкиндүү чараларды көрүү маанилүү деп эсептейм», — деп билдирген президент.

Мындан сырткары, Садыр Жапаров Конституцияга ылайык, жер жана андагы кен байлыктар Кыргызстандын өзгөчө менчиги экендигин белгилеп өттү.

Ал ири кен чыккан жерлерди иштетүүдө мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын коргоо максатында мамлекеттик маанидеги кендерди иштетүүнү уставдык капиталында мамлекеттин 100% катышуусу менен болгон улуттук тоо-кен компаниясына берилиши керектигин, ал өлкөнүн минералдык-сырьелук базасынын экономикалык потенциалын жогорулатуу куралы катары кызмат кыларын баса белгиледи. Геология жаатындагы мамлекеттик ишканалардын базасында Улуттук тоо-кен компаниясын түзүү мерчемделүүдө.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров буга чейин иштетилип жаткан кендерди мамлекеттин карамагына өткөрүп берүү өлкөнүн инвестициялык климатына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгондуктан жаңы түзүлө турган улуттук компанияга лицензия берилбеген кендер өткөрүлүп берилерин кошумчалады. Бул жаңы аракеттер кен иштетүүгө лицензиясы бар жер казынасын пайдалануучуларга тиешеси болбойт.

«Ошондой эле, инвесторлордун инвестициясын коргоо жаатында жер казынасын пайдалануу чөйрөсүнө каражат салган инвесторлорго кепил боло турган мамлекеттин үлүшү каралат жана эл арасында тоо-кен иштетүү боюнча долбоорлордогу мамлекеттин үлүшү жөнүндө көп көтөрүлгөн суроолорго жооп болот. Бул сөзсүз түрдө мамлекеттин экономикасына оң таасирин тийгизет, ошондой эле жергиликтүү калктын тоо-кен компаниялары менен чыр-чатактарын азайтат. Тоо-кен тармагындагы бул реформалардын бардыгы Кыргызстандын мындан аркы экономикалык өсүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтерине ишенем», — деп өзгөчө белгиледи президент Садыр Жапаров.

Тэги: президент Садыр Жапаров бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть