akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    04.01.2024, 06:44

    2023-жылы Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин алдындагы Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 13 миң жаранды протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылган. Бул тууралуу тиешелүү министрликтен билдиришти.

    Маалыматка ылайык, 2023-жылы Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси 1,8 млн сомдук “Киби” аттуу заманбап, кыймылы оңой кол протездерин чыгарышты.

    “Буга чейин ата-энелер жана балдар заманбап протездөө үчүн чет мамлекеттерге барууга аргасыз болсо, бүгүнкү күндө алар Кыргызстанда жасалып, толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланууда. Дагы 13 балага “Киби” протездери берилди”, - деп айтылат билдирүүдө.


    Читать похожее

    • 29.01.2024, 23:00:10
    • 04.01.2024, 00:44:49