Опубликовано
15.05.2024, 04:33Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин (РУПОИ) курулушунун экинчи этабына Министрлер кабинети 100 млн сом бөлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова мекеменин капиталдык оңдоодон кийинки ачылыш аземинде билдирди.
Анын айтымында, реабилитациялоонун биринчи этабында капиталдык оңдоо жүргүзүлдү.
“Экинчи этапта жаңы жабдуулар сатып алынат. Ал үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы боюнча 100 млн сом бөлүнөт” - деди ал.
Имарат 1988-жылы курулган жана андан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Курулуш иштеринин биринчи этабына Кувейттин "Шейх Абдулла Нурий" кайрымдуулук уюму демөөрчүлүк кылган.