Akchabarsearch
Источник фото: Президенттик Аппарат

Опубликовано

09.01.2020, 11:30

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда, КР финансы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды.

Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева маалымдагандай, 2019-жылдын январь–декабрь айларында Мамлекеттик бажы кызматынан түшкөн каражат 43 млрд сомду түзүп, 2018-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 1 624,4 млн сомго көп болгон.

Мамлекеттик салык кызматынан түшкөн киреше 62 млрд сомду түзүп, 2018-жылдын көрсөткүчүнө караганда 567,8 млн сомго өскөн.

2019-жылдагы расмий которуулардын көлөмү 13  млрд сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 4 059,3 млн сомго көбөйгөн.

Министр 2020-жылда республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 163  млрд сом деп пландалып жатканын билдирди.



Читать похожее

  • 09.01.2020, 05:30:34
  • 30.09.2019, 03:02:46