Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

24.06.2020, 04:15

Россия-Кыргыз өнүгүү фонду ОсОО «Интегра Хотел Инвестментти» каржылоонун көлөмүн жогорулатты. Каражат жаңы салына турган мейманкананын курулушу жана жасалгалоосуна жумшалат. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.

[news 25463]

ОсОО «Интегра Хотел Инвестмент» Бишкек шаарына Novotel аталышындагы бренд мейманкана курат. Ал дүйнөлүк ACCOR Group мейманканалардын тармагына кирет. Курулуш иштерин баштоо 2020-жылдын күз айларында пландалууда.

17 миң квадрат метрди ээлеген, 10 кабаттуу Novotel мейманканасы борбор калаанын так ортосуна курулат. Объект өзүнө 160 номерди камтыйт, СПА-борбор, фитнес-клуб, бутик, тойкана жана конференция-зал.

«Аталган долбоорду ишке ашыруу борбордогу инфраструктураны жакшыртууга жана туристтерди тартууга чоң өбөлгө түзөт», - деп жазылат маалыматта.


Читать похожее

  • 23.06.2020, 22:15:12