Россия-Кыргыз өнүгүү фонду мейманкана салуу үчүн каражаттын көлөмүн жогорулатат

24.06.2020, 10:15 Акчабар
Россия-Кыргыз өнүгүү фонду мейманкана салуу үчүн каражаттын көлөмүн жогорулатат

Россия-Кыргыз өнүгүү фонду ОсОО «Интегра Хотел Инвестментти» каржылоонун көлөмүн жогорулатты. Каражат жаңы салына турган мейманкананын курулушу жана жасалгалоосуна жумшалат. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.

ОсОО «Интегра Хотел Инвестмент» Бишкек шаарына Novotel аталышындагы бренд мейманкана курат. Ал дүйнөлүк ACCOR Group мейманканалардын тармагына кирет. Курулуш иштерин баштоо 2020-жылдын күз айларында пландалууда.

17 миң квадрат метрди ээлеген, 10 кабаттуу Novotel мейманканасы борбор калаанын так ортосуна курулат. Объект өзүнө 160 номерди камтыйт, СПА-борбор, фитнес-клуб, бутик, тойкана жана конференция-зал.

«Аталган долбоорду ишке ашыруу борбордогу инфраструктураны жакшыртууга жана туристтерди тартууга чоң өбөлгө түзөт», - деп жазылат маалыматта.

Тэги: Россия-Кыргыз өнүгүү фонду Интегра Хотел Инвестмент каржылоо фонд мейманкана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть