Россия Кыргызстандан жашылча-жемиштерди ташый баштады

09.03.2022, 15:47 Акчабар
Россия Кыргызстандан жашылча-жемиштерди ташый баштады

Үстүбүздөгү жылдын 5-мартынан тарта Россельхознадзор мурда киргизилген чектөөлөрдү жокко чыгарып, өндүрүш ишканаларына коюлган чектөөлөрдү эске албастан, Кыргызстандан Россияга жашылча-жемиш азыктарын (томат жана калемпир) ташып келүүнү кайра баштады. Бул тууралуу Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындан тышкары, тутумдун “Меркурий” – “Кабарлоо” компонентинде иш алып барган Кыргызстан мал чарба продукцияларын документтин тиркелген электрондук көчүрмөсү менен алдын ала кабарлоо модулу аркылуу жөнөтүү шартында ветеринардык сертификаттарды көрсөтпөстөн импорттой алат.

"Сертификаттардын түп нускасын Россияда товарды алгандан кийин Россельхознадзорго жөнөтсө болот. Чара бардык мал чарба продуктуларына тиешелүү",- деп айтылат билдирүүдө.

Тэги: Россельхознадзор мал чарба. томат жана калемпир

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть