Опубликовано
17.06.2020, 03:35Россия Тажикстан мектептериндеги тамактануу системасын өнүктүрүү үчүн 11,2 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Россиянын Душанбедеги элчилиги кабарлады.
[news 25192]
Каражат билим берүү мекемелериндеги ашканаларды оңдоого, жабдууга, мектеп кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле өлкөдө туура тамактануу боюнча маалыматтык өнөктүктөрдү жүргүзүүгө жумшалат.
Мындан тышкары долбоордун алкагында 2020-2021-жылдар үчүн орусиялык азык-түлүк товарларын сатып алууга кошумча дагы 10 миллион доллар бөлүнөт.
Тажикстанда бул долбоор 1999-жылдан бери иштеп келет. Москва ага 2010-2015-жылдары 35,5 миллион доллар бөлгөн. Андан бери долбоорду каржылоо мөөнөтү жыл сайын узартылып келет.
Элчи Игорь Лякин-Фроловдун айтымында, бул Россиянын Тажикстандагы эң ири долбоорлорунун бири жана анын жалпы бюджети 80 миллион долларды түзөт.
2019-жылдын аягында Россия жакынкы үч жылдын ичинде Тажикстанга беш мектеп куруп берери белгилүү болгон.
Москва 12 жылдан бери Тажикстандагы мектептерге жардам көрсөтүп келет. 2017-жылы Россия Душанбеге 30, 2018-жылы 48 мугалим жөнөткөн.