akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: КР Өкмөтү

    Опубликовано

    25.02.2021, 03:20

    2021-жылдын 24-февралында, вице-премьер-министр - экономика жана каржы министри Улугбек Кармышаков Россиянын Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

    [news 32726]

    Жолугушууда Кыргыз өкмөтү менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо системасын түзүү максатында Россия тарабынан Кыргызстанга бекер техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

    Ушул Макулдашуу товарлардын айрым топторунун изделишин камсыз кылууга, ошондой эле контрафакттык жана контрабандалык товарлар менен күрөшүүгө багытталган товарларды маркировкалоо үчүн маалымат тутумун кыргыз тарапка өткөрүп берүүнү жана толук адаптациялоону карайт.


    Читать похожее