«РСК Банк» өзгөчө абал шартында ишмердүүлүгүн токтоткон жок

07.05.2020, 13:00 Акчабар
«РСК Банк» өзгөчө абал шартында ишмердүүлүгүн токтоткон жок

«РСК Банк» ААК башкармалыгы өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында ишмердүүлүгүн токтоткон жок. Бир миңден ашуун банк кызматкери күн сайын калкты тейлеп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде «РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкулов маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, банктын 52 филиалы бар, 133 бөлүм иштейт, 236 банкомат, 1 миң 168 пост терминал жана 83 кэш-ин бар.

«Өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында банк өз ишмердүүлүгүн токтоткон жок. Бир миңден ашуун банк кызматкери күн сайын калкты тейлеп жатат. Өзгөчө абал курчуган жерлерде мисалы, Сузак районунун Таран базарында, Курманбек айыл өкмөтүндө сберкассалар ачылган. Булар өзгөчө абал шартында гана иштейт, башкача айтканда, алар убактылуу гана орнотулган. Мындан сырткары, Ош облусунун Мады айыл өкмөтүндө дагы жергиликтү калкка ыңгайлуу шарт түзүү максатында сберкасса ачылды», - дейт ал.

Оморкулов кошумчалагандай, Бишкек шаарындагы Ала-Тоо жаңы конушунда Жоон-Дөбө деген көчөдө жер-жерлерде иштей турган сберкассалардын бири ачылган.

Тэги: өзгөчө абал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть