akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    22.04.2020, 05:15

    АКШ долларынын 21-апрелден 22-апрелге карата курсу 0.24% жогорулады. Сомдун башка валюталарга болгон наркы бекемделди. Бул маалыматты Улуттук банк билдирди.

    [news 23276]

    Улуттук банктын берген маалыматына ылайык, доллардын учурдагы курсу 79.72 сомду түздү. Коммерциялык банктар америка валютасын 79.6 сом менен сатып алып, 80.6 сом менен сатышууда. Ортодогу айырма - 1 сом.

    Еврого карата сомдун наркы 0.15%, рублга карата - 1.85%, теңгеге карата - 0.48% жогорулады. Белгилей кетсек, 18-апрелге карата рубль сомго карата 4% төмөндөп кеткен.

    Коммерциялык банктар рублду 1.015 сомдон сатып алышып, 1.09 сомдон сатып жатышат.

    Кошумчалай кетсек, Россиянын Борбордук банкы берген маалыматка ылайык, 1 доллар - 76.26 рубль менен бааланууда.