Опубликовано
29.09.2020, 11:30Официалдуу курска ылайык, рублдун сомго карата наркы 1.15% төмөндөп, кыргыз сомунан дагы төмөн баада сатылууда. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
[news 28412]
Эске сала кетсек, акыркы ирет рублдун курсу 2020-жылдын март айында түшүп кеткен. Ал учурда рубль коронавирус чуусунун кесепетинен улам 0.9095 сомдон сатылган.
Өз кезегинде Москва биржасында доллар 79.4 рубль, евро - 92.7 рубль менен сатылууда.
Кыргызстандын коммерциялык банктары жана акча алмаштыруучу жайлары рублду улуттук валютадан дагы төмөн баада - 0.99 сомдон сатып алышууда. Андан сырткары, доллар 79.7-79.8 сом менен, евро - 93.7-94 сом менен сатылууда.