Опубликовано
07.05.2024, 11:55Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, иш сапары менен Россия Федерациясына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Анын алкагында мамлекет башчысы Москва шаарында Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 79 жылдыгын белгилөө боюнча салтанаттуу иш-чараларга катышат.
Расмий делегациянын курамында төмөнкүлөр бар:
-министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
-тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
-президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
-Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат;
-экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
-Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.