Садыр Жапаров «Астана» эл аралык каржы борборуна барды

03.03.2021, 15:45 Акчабар
Садыр Жапаров «Астана» эл аралык каржы борборуна барды

Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен бүгүн, 3-мартта, Нур-Султан шаарында эл аралык деңгээлдеги каржы кызматтарын көрсөткөн «Астана» эл аралык каржы борборуна (АЭКБ) барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Эл аралык арбитраждык борбор АЭКБдагы жарандык жана коммерциялык талаштарды эл аралык стандарттарга ылайык, соттук териштирүүгө альтернатива катары, көз карандысыз, үнөмдүү жана ыкчам чечүү боюнча иш алып барат.

АЭКБнын каржылык кызматтарды жөнгө салуу комитети рыноктун бардык түрлөрүн — банк ишмердиги, камсыздандыруу, ислам каржылоосу, активдерди башкаруу жана жеке банктардын ишин жөнгө салат.

Чет элдик жарандарга мамлекеттик жана мамлекеттик эмес кызматтарды көрсөткөн «Астана» эл аралык каржы борбору «бир терезе» принцибинин негизинде чет элдик эксперттерге жана инвесторлорго англис тилинде мамлекеттик жана мамлекеттик эмес кызматтардын кеңири чөйрөсүн сунуштаган аянтча болуп саналат.

Президент Садыр Жапаров борбордун иши инвесторлор, өлкөгө инвестицияларды тартуу үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгилеген.

Тэги: АЭКБ Нур-Султан каржы борбору биржа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть