Садыр Жапаров иш сапары менен Германияга учуп кетти

28.09.2023, 10:20 Акчабар
Садыр Жапаров иш сапары менен Германияга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышуу үчүн Берлин шаарына учуп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өлкө башчынын иш сапарынын алкагында Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен жолугушуусуна катышуу, “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушуусу да пландаштырылган.

Расмий делегациянын курамында биринчи айым Айгүл Жапарова, Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов, Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов бар.

Тэги: Садыр Жапаров Германия иш сапар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть