Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев телефондо сүйлөштү

21.11.2022, 12:20 Акчабар
Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев телефондо сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-ноябрда, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, анын жеңиши казак элинин колдоосу менен ишениминин маанилүү көрсөткүчү экенин белгиледи. Шайлоонун жыйынтыгы Касым-Жомарт Токаевдин жаңы мамлекетти курууга, экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана казак элинин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган саясий багытын колдоорун тастыктады, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Садыр Жапаров Казакстандын президентине чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми боордош казак элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Мындан тышкары, өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы келечегин, аймактык кызматташтык маселелерин, ошондой эле ушул жылдын 9-декабрына Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин алдыдагы жыйынга даярдыктарды талкуулашты.

Тэги: саясат президент

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть