Опубликовано
21.08.2020, 03:10Саламаттык сактоо министрлиги курулуп жаткан, кайра профилдештирилген жана оңдолуп жаткан ооруканаларга медициналык жана медициналык эмес жабдыктардын бааларын эсептеп чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
[news 27288]
Жыйынтыгында медициналык жабдыктар үчүн 230 млн сом, медициналык эмес жабдыктар үчүн 13 млн сом керектелерин билдирген.
Эске сала кетсек, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы кайра профилдештирилген жугуштуу оорулар ооруканаларына медициналык жабдыктарды жана эмеректерди алуу жана каржылоо каражаты облустардын жергиликтүү бюджетинен каралат.