Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

12.01.2024, 06:13

Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын башчысы жеке ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылып жүргөн. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун базарларында салык инспекторлору тарабынан жеке ишкерлердин акча каражаттарын системалуу түрдө чогултууда көрсөтүлгөн туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Бул фактынын негизинде өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.
11-январда Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын башчысы Д.К.Т кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Читать похожее