Салык боюнча план август айында 1,2 млрд сомго ашыгы менен аткарылган

01.09.2020, 13:50 Акчабар
Салык боюнча план август айында 1,2 млрд сомго ашыгы менен аткарылган

2020-жылдын август айында Мамлекеттик салык кызматы алдын ала берилген маалымат боюнча 7 млрд 515,9 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналган. Коюлган план 120,2 % пайызды түзүп же 1 млрд 265 млн сомго ашыгы менен аткарылган. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн келип түшүүсү 246,6 млн сомго көбөйгөн.

Август айында республикалык бюджет 123 %га, жергиликтүү бюджет 110,2 %га аткарылган.

Август айындагы салыктар боюнча пландуу көрсөткүчтөр мындай ашыра аткарылгандыгынын себеби жергиликтүү салыктарды, анын ичинде транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын, ошондой эле ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соодалашуунун алкагында кыйыр салыктарды жыйноо боюнча күчөтүлгөн иштер жүргүзүлгөндүгү болгон.

«Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып ишке ашырыла баштаган «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорлору, анын ичинде электрондук эсеп-фактуралар өз жыйынтыктарын берди», - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, акыркы үч айда Салык кызматы тарабынан мамлекеттик бюджет боюнча артта калуулар 3,2 млрд сомго кыскартылган, себеби коронавирус пандемиясынын натыйжасында киргизилген чектөөлөрдүн айынан үстүбүздөгү жылдын алгачкы беш айындагы салыктар боюнча план 6,4 млрд сомго түшүп кеткен.

Жалпысынан үстүбүздөгү жылдын 8 айында 47 млрд 905,2 млн сом салыктар жана төлөмдөр жыйналган.

Тэги: Мамлекеттик салык кызматы сумма салык ведомство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть