Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун экинчи этабы башталды

02.03.2021, 11:20 Акчабар
Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун экинчи этабы башталды

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды. Ал ушул жылдын 1-апрелине чейин жүргүзүлөт, - деп кабарлайт Мамлекеттик салык кызматы.

Маалыматка ылайык, аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигине салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Белгилей кетсек, КР 2020-жылдын 3-апрелиндеги Мыйзамына ылайык, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын берүүгө жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларация тапшыра алышат.

Эскерте кетсек, юридикалык жактардын Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-мартта аяктады.

Толук маалыматты 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Тэги: салык кызматы декларация Бирдиктүү салык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть
×