Салык карызы бар 535 адамга өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

22.04.2022, 15:45 Акчабар
Салык карызы бар 535 адамга өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата салык карызы бар деп таанылган 535 салык төлөөчүгө өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Мындан тышкары, Сот департаментине 1128 салык төлөөчүгө карата материалдар чыгууга чектөө жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлдү.

Жаңы салык кодексине ылайык, 1-январдан тартып салык карызы бар деп таанылган салык төлөөчүлөргө карата бир катар чектөө чаралары колдонулууда.

Салык кызматынын органдары салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызы 1000 эсептик көрсөткүчтөн (100 миң сом) ашкан жана салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүү тапшырылган учурдан тартып 15 жумушчу күндүн ичинде аткарылбаган жеке жактын же уюмдун жетекчисинин өлкөдөн чыгууга чектөө жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.

Мындан тышкары, салык кызматы менен Сот департаментинин ортосундагы өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө макулдашуусуна ылайык салык органдарынын салык карызын өндүрүү боюнча материалдарынын негизинде сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрү тарабынан мүлктү камакка алуу, чыгууга тыюу салуу, ошондой эле башка алдын алуу иш-аракеттери түрүндө чектөө чаралары көрүлөт.

"Салык кызматынын расмий сайтында 100 миң сомдон ашык суммада таанылган салык карызы бар салык төлөөчүлөрдүн тизмеси ай сайын жарыяланат",- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү КРнын салык милдеттенмелерин аткаруу боюнча ченемдеин сактоого чакырат.

Тэги: салык кызматы карызы бар салык төлөөчүлөр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть