Салык кызматкери ишкерлерден пара алып жүргөндүгү аныкталды

12.01.2024, 12:13 Акчабар
Салык кызматкери ишкерлерден пара алып жүргөндүгү аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын башчысы жеке ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылып жүргөн. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун базарларында салык инспекторлору тарабынан жеке ишкерлердин акча каражаттарын системалуу түрдө чогултууда көрсөтүлгөн туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Бул фактынын негизинде өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.
11-январда Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын башчысы Д.К.Т кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тэги: Мамлекеттик салык кызматы коррупция пара алуу Базар-Коргон

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть