Салык кызматы алкоголду мыйзамсыз сатуунун бир катар фактысын аныктады

17.09.2020, 17:00 Акчабар
Салык кызматы алкоголду мыйзамсыз сатуунун бир катар фактысын аныктады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тийиштүү лицензиясыз сатуу максатында алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сактоо фактыларын аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 16 миң 885 бөтөлкө алкоголь ичимдиги жана 4 740 литр сыра тартып алынды.

Атап айтканда, спирт ичимдиктерин сатууга лицензиясы жок Бишкек шаарынын 5 дүкөнүнөн ар кандай идиштеги жана аталыштагы 3 миң 591 бөтөлкө алкоголь ичимдиги тартып алынды. Ишкердик субъекттерге карата мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт.

Ошондой эле Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кампа жайларынын биринен ар кандай аталыштагы жана идиштеги 13 миң 294 бөтөлкө сыра, 4 миң 740 литр куюп берме сыра тартып алынды. Аталган факт боюнча материалдар тиешелүү чара көрүү үчүн Чүй облусунун Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

Тэги: салык кызматы кызматкерлер Бишкек шаары алкоголдук продукция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть