Бирдиктүү салык декларациясын 160 миң салык төлөөчү тапшырды

09.03.2021, 13:15 Акчабар
Бирдиктүү салык декларациясын 160 миң салык төлөөчү тапшырды

2021-жылдын 9-мартка карата 159 миң 660 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 46 миң 658 юридикалык жак, 63 миң 121 жеке ишкер, 19 миң 265 жеке жак, 10 миң 768 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 19 миң 848 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

Эске салсак, 1-апрелге чейин салык декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер,

- жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр,

- менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери,

- юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын берүүгө жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларация тапшыра алышат.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Тэги: салык кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть